Окуялар

Студент кездеги бул окуя эч эстен кетпейт…

Салам мен да бир окуяны бөлүшөйүн деп чечтим. Студент кезде бир кыз менен таанышып калдым. Бат эле дос болуп, сырдашып калдык. Экөөбүз чогу тамактанып, сейилдеп анан үйүңө жеткирип койчумун. Бир күнү туулган күнүнө чакырып, барып калдым. Мен тааныбаган достору, курбулары бар экен арасында аны жакшы көргөн жигити да бар экен. Ошентип ичип, жеп олтуруп калдык.

Кыз 20га чыгып, белгилеп жаткан. Ошентип баардыгыбыз ичип кызып калдык, анан эле кыз мени эшикке чыгарып келчи деп суранып калды. Чыктык эшикке, анан эле кыз мени жакшы көрөрүн айтып калды. Мен да аны жактырат элем. Спирт ичимдиктин күчү менен экөөбүз араң турганыбызбы өбүшүп баштадык. Бекем кучактадым, күндүн суугунан оозубуздан буу буркурайт калды.

Эшикте бир бурчта туруп тоңуп кеттик. Ошо менен үйгө кирсек достордун уктаганы уктап, кеткени кете баштаптыр. Баарын жайгаштырып экөөбүз баштаган ишибизге шашып жатык. Мен машина менен барган элем, экөөбүз барар жерибиз жок машинага келип, аркасына өтүп кучакташып, өбүшүп баштадык.

Машинаны ичи да суук, бирок ичибиздеги жалындаган от аны сезген жок…

Ошондон кийин көпкө чейин экөөбүз жолугуп жүрдүк. Анан мен Россияга кетиш керек болуп калып Россияга кеттим. Окуусуна деп акча салып жүрсөм бир күнү чалып аны ала качып кетишкенин айтышты.

Яндекс.Метрика