Жаңылыктар

«Тез арада 2 миллион керек, бөйрөгүмдү сатууга даярмын». Жаш кыздын билдирүүсү

Интернетке үрөй учурган 19 жаштагы кыргыз кызынын билдирүүсү тарады. Андай мындай деп жазылат:

«Чыгарып берип коюнузчу суранам! Кандай башташымы билбей жатам. Урматту кыргыз элим негатив жазбай эле койсоңуздар Сиздердин жаман сөзүңүңздөрдү көтөргөнгө абалым жок.

Кыскасы аз убакыттын ичинде көп суммадагы акча керек болуп жатат. Кандай болсо да табышым керек. Башка эч айлам жок, вариантым да жок. Ошондуктан кайрылып калдым эле. Бир бөйрөктү сатса болот деп уккам, мен өзүмдүкүн сатсамбы дегем.
Кантип сатыш керек, кайсыл жакка кайрылсам болот, кимдер алат билбейм. Эгер билсениздер айтыныздарчы суранам.

Атым Аида. 19 жаштпмын. Москвада шаарындамын азыр.
1 же 2 миллион керек, аз убакытта табышым керек.
Колу бутум соо, ошого элден жардам сурагым келбеди.
Чыгарып берип коюнузчу балким билгендер бардыр.
Комментарийге жазсаныздар… Рахмат баарыныздарга».

Эске салсак буга чейин дагы кыргыз жараны карыздан кутулуу үчүн кайсы органы болбосун сатууга даяр экенин жазган.

Яндекс.Метрика