Окуялар

Үй-бүлөлүү түгөйлөргө эң керектүү кеңештер

Айрым ойчулдар үй-бүлөлүк жашоо бул ийне менен кудук казганга барабар экенин айтып келишет. Бактылуу үй-бүлө болсун десеңиз төмөнкү кеңештерге көңүл буруңуз:

Эки түгөй эч качан бир убакта экөө тең ачууланбасын.

Жөн жай эле бири-бириңерге бакырбагыла.

Түгөйүңө сүйлөгөндө сөзүңдү сүйө тургандай кылып сүйлөгүн.

Мурда болуп өткөндөрдү эстебей эле коюу дагы жакшыраак.

Түгөйүңө көп кийлигише бербегин.

Ар дайым түгөйүңдүн көңүлүн көтөрө турган сөз сүйлө.

Көйгөйүңөрдү чечпестен ал күндү өткөрбөгүлө.

Кокусунан ката иш жасап алсаң түгөйүң менен сүйлөш жана андан кечирим сурагын.

Көйгөйүңөрдөн жалгыз гана түгөйүңдү жооптуу тутпа.

Ишиңердеги кыйынчылыктарды үйүңөргө айтпагыла.

Күйөөсү же аялы бир айда бир жолу түгөйүнө белек алсын.

One thought on “Үй-бүлөлүү түгөйлөргө эң керектүү кеңештер

Comments are closed.

Яндекс.Метрика