Саясат

Өкмөт башчы алмашабы? Садыр Жапаров жооп берди

Министрлер кабинетинин төрагасы алмашат деген кептер социалдык тармактар аркылуу тарап жаткан учуру. Атүгүл талапкерлердин аттарын атап жаткандар да болуп жатат. Улукбек Кочкоров менен Урмат Барктабасовду сунуштаган постко президент реакция жасады.

«Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай.» — деп жазган президент.

Учурдагы министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров. Анын иштегенине бир жылдын жүзү боло элек.

Яндекс.Метрика