Саясат

Өмүрбек Бакировду кабинетинен чыгарып салышты

Депутат Бакиров кабинетинен чыгарылды. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров (Көк-Жар району) иш бөлмөсүнөн чыгарылды.

Ал маалыматты тастыктады.

Анын айтымында, түшкү тыныгууга чейин депутаттын жардамчыларына 705-кабинетти бошотуу талабы менен иш башкаруучусу кат калтырган.

«Жардамчыларым түшкү тамакка чыгышкан. Кеңсеге келгенде эшиктин кулпун талкалап киришип менин бардык буюмдарымды кеңседен коридорго алып чыгып салышканын көрүшүптүр», — деди ал.

Административдик башкармалыктын катында депутат 18-ноябрда саат 13:00гө чейин кабинетти бошотуу керектиги айтылган. Бул жумуш орундарын тартипке келтирүү жана оптималдаштыруу алкагында жасалып, депутатка башка кабинет бериле тургандыгына байланыштуу экени билдиргилен.

Ал кеңседен чыгарылышын Жогорку Кеңештин кечээки жыйынындагы кырдаал менен байланыштырат. Ал өзү мындай муктаждыкты түшүнбөй тургандыгын билдирди.

Эске салсак кечээ 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтышып кетишкен.

Яндекс.Метрика