Өмүрдү узартуучу диета
Толугу менен узун омур

Адамдын организми туура иштеши үчүн организмде белок, май, углевод, витамин, макро- микроэлемент жана суу болушу керек.
Белок аминокислот, ферменттерден турат. Белоктор гормондордон бөлүнөт. Белок кислородду канга жеткирүүчү жана канды суюктандыруучу кызматты аткарат. Адам күнүнө 1 кг салмакка 1 граммдан белок алышы зарыл, мисалы адамдын салмагы 52 кг болсо 52 г. белок организмге сарпталат. Спорт менен машыккандар, кара жумушта иштегендер 2 г белокко муктаж болушат. Белоктун сапаты абдан маанилүү. Өсүмдүк майында баалуу аминокислот малдын майына караганда жеңил жана организмге пайдалуу.
Углевод жөнөкөй (моносахарид-глюкоза), татаал – (полисахарид) сүт, кызылча канты, крахмал жб. Углевод энергия берүүчү.
Май (липид) – оранизмге негизги энергия берүүчү, май кислоталар клеткалардын жашоосун узартат. Бирок, майдын майын көп колдонууга болбойт.
Макро-микроэлементтер зат алмашууну жакшыртат.
В и т а м и н д е р биоактивдүүлүктү күчөтөт.
Сууну күнүнө 2-3 литр колдонуу зарыл.
Тамак-аштагы суюктуктан тышкары, таза, минерал сууларын пайдалануу керек.
Бул диетанын жардамы менен адам өмүрүн 30 жылга узартууга болот.
Эгер адам көп эмес өлчөмдөгү белок жана аз калориялуу тамак-аш денедеги өзгөрүү процессин жайлатат, демек өмүрдү узартат.
Жаш өзгөчөлүгүнө жараша пайда болуучу илдеттер диабет, атеросклероз, жүрок оору, боор, бөйрөк илдети, сөөктордүн морт болушу азайып, иммунитет бекем болот. Гормондордун иштеши күчөйт.
Организмди картаюудан сактаган тамак-ашка көңүл буруңуздар. Антиоксидант, энзим заттары башкы нерв системасын чыңдайт. Антиоксидант – бүлдүркөн, клюква, черника, малина, алча, апельсин, кызыл жүзүм, кара өрүк, алхор, мейиз, төө буурчак, ак кочандуу жана брюссел капустасы, шпинат, артишок, люцерна, брокколи, кара таруу, кызылча, кызыл калемпир, пияз, баклажан, буудай, грек жаңгагы, мисте, фундук, бадам, какао, петрушка, гвоздика, корица, куркумада абдан коп.
Өсүмдүк тамак-аштарын коп колдонуу керек, анткени ал организмди холестерин, уулардан тазалайт.