Кызыктуу Саясат

«Өпкөңөрдү үзөм» Айтбекова Али Токтакунов менен Султанбековду арачалады

19-ноябрда Коомдук биринчи канал уюштурган теледебатка катышкан «Ата-Мекен» партиясынан депутаттыкка аттанган Али Токтакунов менен «Социал-демократтардын» өкүлү Темирлан Султанбековдун ортосунда тартыш орун алган. Ошондон бери экөө интернет аркылуу кайым айтышууларын токтотуша элек.

Буга чыдабай кеткен актриса Назира Айтбекова ортого түшүп, төмөнкүдөй билдирүү жазды:

«Али менен Темирландын акыйнегин көрүп алып, көңүл түшүп атат кечээтен бери! Ишенген кожобуз силер болсоңор! Жаштар келсе, акылдуулар келсе, кыйратат деп акыйып отурсак, кылганыңар ушулбу?

Атамбаев мн Текебаевдин намысын эмес Кыргызстандыкын коргогула, кокуй! Керек болсо, партияңардын желегин таштап алып, Кыргызстандын желегинин алдында жетелешип басчу жолдосуңар! Эки дөө өз алдынча согуша берсин! Экөөң элди, өлкөнү ойлогула! Мээси жоктор деп урушайын десем, мээлүүсүңөр! Эси жоктук кылбагыла!

Эптеп араң жан күйгөн үмүткө суу бүрккөндөй эле кылып атасыңар! Ар кимиңдин амбицияңардын айынан ары жакка тоголонуп кетпесек эле болду! Айтып коеюн, бирөөң жакшы көргөн кесиптешим, бирөөң жакшы көргөн инимсиң!

Кыйшайсаңар, түз жолуңардан, максатыңардан тайсаңар, өпкөңөрдү үзүп , колуңарга өзүм карматам! Маанайды түшүрбөй, бириңди бириң колдоп, кол кармашып алып, өлкөгө кол кабыш кылгылачы! Эки дөө экөөң жок эле маселесин чечишип алышат!»

Яндекс.Метрика