Ден-соолук

Өт, боорду үй шартында тазалоо

Адамдын организмдеги канды фильтрдөөчү негизги орган бул боор. Уу­ларды жана зыяндуу заттарды нейтралдаштырган боорду аяп, аны тазалагыңыз келсе, төмөнкү азыктарды колдонуңуз.

Брокколини колдонуу люкозинолат- табигый ферментин көбөйтөт дагы канцергон жана башка зыяндуу заттардын тазаланышына шарт түзөт.

Гречка эң пайдалуу азык. Гречка боордогу май клеткаларын тазалап, боор­ду май басуусунан жана цирроздон сактайт.

Грейфрутта боорду тазалоочу табигый “С” витамини жана антиоксидант бар. Бир стакан грейфрут ширеси боордун иштешин жакшыртуучу ферменттер­ди бөлүп чыгарат.

Чеснок дагы боорду иштетүүчү ферменттерди бөлүп чыгарууну жакшыр­тат анткени чеснокто аллицин жана селен заты бар.

Курма жемишинде организмге сиңбей өзүнө уулуу заттарды сиңире турган волокналар бар. Ал волокналардын жардамы менен уулуу заттар сыртка жеңил чыгат дагы боордун иштеши кыйла жеңил болот.

Күрөң күрүчтө комплекстүү “В” витамини бар, ошондуктан ал боордун иштөөсүн жакшыртып, боорду жумшартат.

Алманын курамында тамак сиңирүүчү органды тазалоочу компоненттер бар, ал боорго дагы тиешелүү.

Кызылча жана сабизде боордун таасирдүү иштешине шарт түзгөн бета-каротин, өсүмдүк флавоноиддери бар.

Яндекс.Метрика