Өзбекстанда кыргыз жараны 2 адамды сүзүп, өзү каза болду
Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя кечээ 28-сентябрь күнү кечинде Андижан облусундагы Саноат махаласында болгон. “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге чыгып, жолдун жээгинде кетип бара жаткан эки кызды сүзгөн, андан кийин турак үйгө кирип кеткен.
Натыйжада жөө жүргүнчүлөр – 10 жаштагы Б.А. жана 3 жаштагы К.Н, ошондой эле айдоочу өзү каза болду. “Вольвону” башкарып бара жаткан 28 жаштагы Кыргызстандын жараны Ш.Л экендиги аныкталды.

