Жаңылыктар Саясат

Үч талапкер өкмөт башчылыктан баш тартты

Парламентте премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлер талкууланып жатат.

Маалымат булактары билдиргендей, депутат Аалы Карашев, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун талапкерлерги көрсөтүлгөн. Бирок, алар үчөө тең баш тартышкан. Учурда парламенттик көпчүлүктүн коалициясынын мүчөлөрү учурдагы премьер Артём Новиковду көрсөтүшүүдө.

Талапкерлердин тизмесине УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев дагы чыгышы мүмкүн болуп турат.

Эске салсак, конституциялык жыйындын башчысы Бекбосун Бөрүбашов Конституциянын жаңы редакциясынын акыркы долбоору даяр экендигин билдирди. Анын айтымында, ушул күндөрдүн биринде документ Жогорку Кеңештин депутаттарынын кароосуна коюлат жана алар аны коомдук талкууга коюуга милдеттүү. Бирок, эл өкүлдөрүнүн тобу регламентти өзгөртүү демилгеси менен чыгышкан. Мыйзам долбоорунун авторлору, анын ичинде депутат Акылбек Жапаров Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун коомдук талкуулоонун кажети жок деп эсептешет.

Яндекс.Метрика