Видео

Өгөй баласын кан жалата сабап видеого тартып алган

WhatsApp мессенджеринде эркек кишинин кичинекей баланы сабаган видеосу таркатылып жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, факт 23-февралда Ысык-Ата районунда катталган. 25 жаштагы К.Б арыз менен милицияга кайрылган. Ал уулун сабап, видеого тартып, андан соң WhatsApp аркылуу жиберген чогуу жашаган жигити боюнча чара көрүүнү суранды.

«Бул кылмышка шектелип, 33 жаштагы К.К. кармалып, Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Экспертизанын корутундусуна ылайык, бала жаракат алган. Материалдар Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү. Учурда бул факт боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат», — деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Яндекс.Метрика