Жаңылыктар

«Өлкөнү чоң реформалар күтүп турат» Жапаров жыйын өткөрдү

Жаңы шайланган премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Садыр Жапаров өлкөнү чоң саясий жана эконимакалык реформалар күтүп турганын айтты.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштешет. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», — деди ал.

Жыйында бул маселелер талкууланды:

  • күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;
  • коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;
  • бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;
  • донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;
  • социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;
  • салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;
  • коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.
Яндекс.Метрика