Видео Жаңылыктар

«Өлтүрүп көмүп салабыз» деп карыяны коркуткандар жаза алышабы?

Социалдык тармактарда автоунаанын ичинде карыя кишини коркуткан видео тарап жатат. Анда арткы орундукта отурган карыган адамды жаш жигиттер (болжол менен экөө) өлтүрүп салалы деп коркутуп жатканын көрүүгө болот.

«Балыкчы жактагы «свалкага» эле алып барып таштап салалыбы, же Нарын жакка эле алып баралыбы? Эч ким көрбөгөн жакка айдасаң, колу, бутун байлап эле сууга салып жиберели.

Мүшөктү башына кийгизип алып чыгалы. Же, токойго эле айдачы өлтүрүп туруп эле жерди казып көмүп салалы» — деп камерага тартып жаткан адамдын сүйлөгөнүн угууга болот.

Абышка болсо ыйлап, эшикти ачууга аракет жасап жатканын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары бул кандай мааниде тартылса дагы кары адамды шылдыңга алганы үчүн буларды жазага тартуу керек экендигин айтышууда.

Окуя болжол менен Кочкор жакта болгону айтылууда. Азырынча укук коргоо органдары тарабынан билдирүү боло элек.

Яндекс.Метрика