Билип ал Кызыктуу

Өмүр бою токойдо жашаган эркек 41 жашында гана аял заты бар экенин билген

Укмуштуудай окуя дүйнөлүк басылмалардын башкы беттерине жарыяланып жаткан учуру.

Учурда 49 жаштагы Хо Ван Ланг Вьетнамдын кичинекей айылында жашайт, бирок сегиз жыл мурун ал цивилизациядан алыс жашап, токойдо аңчылык кылып, өз алдынча азык-түлүк чогултуп, кокустан жолуккан ар бир адамдан качып жүргөн.

«Хо Ван Ланг атасы жана бир тууганы менен Вьетнам согушу учурунда Куангнгай провинциясынын Тайча районундагы токойго качып кеткенден кийин, 41 жыл бою токойдо жашаган», деп билдирет Mirror басылмасы.

Гезитте айтылгандай, эркек тышкы дүйнөдөн толугу менен обочолонуп жашаган жана аялдардын бар экендиги жөнүндө эч кандай түшүнүгү жок болгон.

Хо Ван Лангдын өзгөчө окуясы 1972-жылы башталган, ал Вьетнамдагы согуш учурунда атасы жана бир тууганы менен Американын бомбасы апасын жана эки бир тууганын өлтүргөндөн кийин качып кеткен.

Андан бери ал токойдогу жаныбарларга аңчылык кылууну жана чөптөрдөн тамак жасап жегенди үйрөнүп, чыныгы Тарзандын жашоо образын жүргүзгөн.

Атасы уулуна аялдардын бар экендигин эч качан айткан эмес, ошондуктан Ланг карама-каршы жыныстын бар экендигин 41 жашында, Аль Варо Серезо менен жолукканда гана билген, ал Хо Ван Лангга дүйнөдө эркектер гана эмес, аялдар дагы бар экенин айткан.

2019-жылы Британиялык 3 студент өз күчтөрүн сынаш үчүн жунгли токойлоруна барышкан. Алар токойдон жапайы адамды кезиктирип, андан ары аны изилдей башташкан. Ошентип алар азыркы замандын Тарзанын табышкан.

Яндекс.Метрика