Видео Кызыктуу

Өмүрбек Бакиров: «Улуттук канал уят клиптерди көрсөтүп жатат»

Депутат Өмүрбек Бакиров Коомдук телерадиокорпорацияга караштуу МузТВ каналында эротикалык клиптерди көрсөтүүнү токтотууну суранды. Жогорку Кеңештин 16-марттагы жыйынында депутат КТРКда уяттуу клиптерди көрсөткөн музыкалык канал бар экенин айтты.

«Бул клиптерди жаштар көрүп жатышат. Алар ушуларды көрүп чоңоюшабы? Бир айдан бери өзүм көрүп жүрөм. Бирок алар тууралуу сөз кылуунун өзү эле уят. Бул клиптерди көрсөтүүгө ким уруксат берет?» — деп сурады депутат.

КТРКнын башкы директору Кайрат Иманалиев телеканал клиптерди кайра карап чыга турганын билдирди. «Силер төрт айдан бери иштеп жатасыңар, муну токтоткон эмессиңер, өзүңөр уруксат берип жатасыңарбы», — деди Бакиров.

КТРКнын жетекчиси көркөм кеңеш бар экенин кошумчалады. «Улуттук кийимдерди көрсөтүп, эне тилди даңазалап, чет элдик эротиканы көрсөтпөй, өзүбүздүн тилде клиптерди көрсөтүш керек», — деп кошумчалады эл өкүлү.

Видео:

Яндекс.Метрика