Жаңылыктар

Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылды

Бишкек шаардык административдик соту Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин активист Темирлан Ормуков Текебаев мыйзамсыз түрдө мандатын кайтарып алганын айтып сотко кайрылган.

Бул маалыматты «Ата Мекен» партиясынын лидери өзү да ырастады. Өмүрбек Текебаев сотко өзү катышпаганын айтып, мандатты алуу тууралуу сот чечимин саясий чечим деп баалады:«Бул саясий чечим экенин мен так айтып коюшум керек. Бүгүнкү бийликтегилер фракция башчыларынын жана башка күбөлөрдүн алдында мага «мандатты керек болсо алып коёбуз» деп айткан учурлары болгон. Сот дагы эле саясий буйрукту аткарып жатат».

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, соттун бул чечими 30 күндөн кийин күчүнө кирет.Борбордук шайлоо комиссиясы азырынча сот чечими тууралуу маалымат бере элек.«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Яндекс.Метрика