Ден-соолук

Өмүрдү узартуучу диета

Адамдын организ­ми туура иштеши үчүн организмде белок, май, углевод, витамин, макро- микроэлемент жана суу бо­лушу керек.

Белок аминокис­лот, ферменттерден турат. Белоктор гормондордон бөлүнөт. Белок кислород­ду канга жеткирүүчү жана канды суюктандыруучу кызматты аткарат. Адам күнүнө 1 кг салмакка 1 граммдан белок алышы зарыл, мисалы адамдын салмагы 52 кг болсо 52 г. белок организмге сарпта­лат. Спорт менен машык­кандар, кара жумушта иштегендер 2 г белокко муктаж болушат. Белоктун сапаты абдан маанилүү. Өсүмдүк майында баалуу аминокислот малдын май­ына караганда жеңил жана организмге пайдалуу.

Углевод жөнөкөй (мо­носахарид-глюкоза), татаал – (полисахарид) сүт, кы­зылча канты, крахмал жб. Углевод энергия берүүчү.

Май (липид) – ора­низмге негизги энергия берүүчү, май кислоталар клеткалардын жашоосун узартат. Бирок, майдын майын көп колдонууга бол­бойт.

Макро-микроэлемент­тер зат алмашууну жак­шыртат.

В и т а м и н д е р биоактивдүүлүктү күчөтөт.

Сууну күнүнө 2-3 литр колдонуу зарыл.

Та­мак-аштагы суюктуктан тышкары, таза, минерал сууларын пайдалануу ке­рек.

Бул диетанын жарда­мы менен адам өмүрүн 30 жылга узартууга болот.

Эгер адам көп эмес өлчөмдөгү белок жана аз калориялуу тамак-аш де­недеги өзгөрүү процессин жайлатат, демек өмүрдү узартат.

Жаш өзгөчөлүгүнө жараша пайда болуучу илдеттер диабет, атеро­склероз, жүрок оору, боор, бөйрөк илдети, сөөктордүн морт болушу азайып, иммунитет бекем болот. Гормондордун иштеши күчөйт.

Организмди картаю­удан сактаган тамак-ашка көңүл буруңуздар. Анти­оксидант, энзим заттары башкы нерв системасын чыңдайт. Антиоксидант – бүлдүркөн, клюква, черни­ка, малина, алча, апельсин, кызыл жүзүм, кара өрүк, алхор, мейиз, төө буурчак, ак кочандуу жана брюссел капустасы, шпинат, арти­шок, люцерна, брокколи, кара таруу, кызылча, кызыл калемпир, пияз, баклажан, буудай, грек жаңгагы, ми­сте, фундук, бадам, какао, петрушка, гвоздика, кори­ца, куркумада абдан коп.

Өсүмдүк тамак-ашта­рын коп колдонуу керек, анткени ал организмди хо­лестерин, уулардан таза­лайт.

Яндекс.Метрика