Дүйнөдө

Өрттөн 5 кызын жоготкон жубайлар уулдуу болушту

Былтыр кышында Казакстанда турак үйдөн өрт чыгып, бир үй-бүлөнүн 5 кичинекей кызы каза болгон. Каргашалуу окуядан кийин психологиялык оор абалда жашап жаткан түгөйлөр быйыл, 2020-жылы 11-декабрда уулдуу болушту. Кыздардын энеси Жанымгүл кош бойлуу кезинде бул жаңылыкты жашырып, эч кимге айткан эмес.

Эске салсак, 2019-жылдын 4-февралына караган түнү Казакстандын Сары-Арка аймагындагы Көктал-1 турак жай конушундагы жеке менчик үйдүн ичинен өрт чыгып, кичинекей үй өрттөнүп кеткен. Анда бир үйдүн 2006, 2009, 2014, 2016, 2018-жылы туулган беш кызы каза болгон.
Өрт чыккан учурда алардын ата-энеси жумушта болгон.

Яндекс.Метрика