Билип ал

Өзүңдү шайлоочулардын тизмесинен кантип аныктаса болот?

Шайлоого чейин ар бир жаран өзүнүн шайлоо участкасын тактап алуусу зарыл.

Кыргызстанда жана өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жараны өзүн шайлоочулардын тизмесинен кантип текшерсе болот?

Мыйзамга ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөдөгү консулдук учетто турган жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө киргизилет.

https://tizme.gov.kg/ шилтеме аркылуу өтүп, өзүңүздү тизмеден онлайн текшерүүгө болот.

«Өзүңүздү шайлоочулардын тизмесинде тактаңыз» пунктун тандоо керек. Тизмеден өзүңдү тезирээк табуу үчүн фамилия атыңызды жазып ылдый жагындагы издөө дегенди басуу керек. Эгерде фамилияда «уулу» же «кызы» бар болсо, сөздөрдүн ортосунда бир кенемте калтырууга болот. Мисалы, «Жениш уулу».

Өз шайлоо укугун ишке ашыруу – демек, өлкөнүн келечеги көз каранды болгон тандоону кылуу!

Яндекс.Метрика