Жаңылыктар

Өзбек премьери “кыргыз тарап кечирим сурады” – деп билдирүү таратты

31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме айылында суу талаштан улам массалык мушташ орун алган. Эртеси күнү окуя болгон жерде кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жолугушуп сүйлөшүшкөн.

Бүгүн депутат Закир Шарапов Кубатбек боронов өзбек премьери менен жолугушканы тууралуу ачык айтышы керек деп Жогорку Кеңештен билдирүү жасады.

“Өткөн жылы 31-августта Сох-Риштан жолун ачканда эки күн иштетпей жаап салышкан, бүгүн мына ошон үчүн кыргыз тараптан келген өкүл кечирим сурады”,- деп Абдулла Арипов жергиликтүү элге кайрылуу жасады. “Эмнеге биз өзүбүздүн чек арабызды ачып жапканыбыз үчүн кечирим сурашыбыз керек!? Боронов өзү келип ачык айкын түшүндүрүп берсин”, — деди депутат З. Шарапов.

Яндекс.Метрика