Жаңылыктар

Өзбекстанда кыргыз жараны 2 адамды сүзүп, өзү каза болду

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя кечээ 28-сентябрь күнү кечинде Андижан облусундагы Саноат махаласында болгон. “Volvo” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа каршы тилкеге ​​чыгып, жолдун жээгинде кетип бара жаткан эки кызды сүзгөн, андан кийин турак үйгө кирип кеткен.

Натыйжада жөө жүргүнчүлөр – 10 жаштагы Б.А. жана 3 жаштагы К.Н, ошондой эле айдоочу өзү каза болду. “Вольвону” башкарып бара жаткан 28 жаштагы Кыргызстандын жараны Ш.Л экендиги аныкталды.

Яндекс.Метрика