Жаңылыктар

Өзгөндө атышуу болуп, 3 киши мерт болду

19-мартка караган түнү Өзгөн шаарында автоунаада бараткан кишилерге куралдуу кол салуу катталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Анда айтылгандай, окуя шаардын Ленин көчөсүндө болгон. Жолдун четинде токтоп турган «Хонда Инспайер» үлгүсүндөгү машинеде отурган үч кишиге таңга жуук, саат 03:15 чамасында белгисиз адамдар ок чыгарган.

Кол салуудан улам 31 жана 21 жаштагы эки жаран оор жараат алып, ооруканага бараткан учурда каза болгон. 31 жаштагы дагы бир жарандын абалы оор. Кылмышка шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Аларга издөө жарыяланды. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталды.

Яндекс.Метрика