Жаңылыктар

1-класстан башка окуучулардын баары онлайн окушат

Быйыл окуу жылы мектептер окуучуларга 1-сентябрда жылдагыдай эле эшигин ачат. Бирок 1-класстар үчүн гана. Калган башка класстагы окуучулар 1-чейректи онлайн түрүндө окушат. Калган чейректер ошол учурдагы өлкөдөгү пандемиянын абалына карап чечилет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт башчы жыйында билдирди.

«Быйылкы окуу жылы кандай өтөт деп элибиз күтүп жатат. Буга чейин министрлик бир нече варианттарды сунуштаган. Биринчиден, президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилеп кеткендей, мектепке барам деп чыдамсыздык менен күтүп жаткан кичинекей балдарыбыздын тилектерин ишке ашырышыбыз керек.

Биз да толук колдойбуз. Быйыл 1-класска бара турган 156 миң окуучуга мектептер эшиктерин ачышат» — деп билдирди Кубатбек Боронов.

Яндекс.Метрика