Ден-соолук

1 суткада 10 адам каза болуп, жуктургандар 283. Таласта жок

5 – июлга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 283 адамга көбөйдү. Көпчүлүгү Бишкектен чыкты. Жалпы ооругандардын саны 7377ге жетти. Талас менен Жалал-Абадда вирус жуктургандар катталган жок. Ал эми каза болгондор бир суткада 10 адамды түздү. Жалпы каза болгондордун саны 88ге жетти.

Каза болгондор:

Бишкек – 4 адам (3 эркек — 64 жашта, 66 жашта, 69 жашта жана 64 жаштагы аял киши)
Ноокат району – 1 бейтап (60 жаштагы эркек)
Жайыл району – 1 бейтап (80 жаштагы аял)
Москва району – 1 бейтап (35 жаштагы эркек)
Токмок шаары – 1 бейтап (59 жаштагы аял)
Ысык-Ата району – 1 бейтап (62 жаштагы аял)
Кочкор району  – 1 бейтап (81 жаштагы эркек).

Акыркы суткада жуктуруп алгандардын саны:

Бишкек шаары – 162
Чүй облусу — 31
Ош шаары — 27
Ош облусу — 13
Нарын облусу — 18
Баткен облусу — 13
Ысык-Көл облусу — 19


Өлкөдө боюнча ооруудан айыккандардын саны бир суткада 88 адамды түздү. Муну менен оорууну жеңип чыккандардын жалпы саны 2802 болду.

Яндекс.Метрика