Жаңылыктар

1 суткада 205 адам! 3 адам каза болду

22-июнга карата өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир суткада 205 адамга көбөйүп жалпы 3356 адамга жетти. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавирус боюнча онлайн-брифингде билдирди.

Бишкек шаары – 82
Чүй облусу — 33
Ош шаары – 25
Ош облусу – 20
Ысык-Көл облусу – 10
Жалал-Абад облусу – 8
Талас облусу – 6
Нарын облусу – 19

Бир суткада үч адам көз жумуп, 10 киши оорудан айыкты. Жалпы каза тапкандардын саны 40ка жетти.

Алардын бири Кыргыз-Түрк «Достук» ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы аял киши.

Дагы бир бейтап Талас аймактык ооруканасында дарыланып жаткан 68 жаштагы эркек киши.

Үчүнчүсү Ноокен ооруканасында жаткан 60 жаштагы аял киши көз жумду.

Яндекс.Метрика