1-тур аяктайт. Бүгүнкү дебатка кимдер катышат?
Президенттикке талапкерлердин теледебатын бүгүн КТРК түз эфирде көрсөтөт. Белгилей кетсек, дебаттардын биринчи туру ушуну менен соңуна чыгат. Ал эми экинчиси 6, 7, 8-январь күндөрү болот.
Бүгүнкү дебаттын катышуучулары (шаршемби):
- Бабыржан Төлбаев;
- Курсан Асанов;
- Равшан Жээнбеков;
- Жеңишбек Байгуттиев;
- Улукбек Кочкоров;
- Абдил Сегизбаев.
Биринчи турда дебаттар 20:00дөн 22:30га чейин болуп, эки жарым саатка созулат.
КТРКдагы теледебаттар эки тур менен өтөт. 28, 29, 30-декабрь күндөрү биринчиси, 6, 7, 8-январь күндөрү экинчиси болмокчу.