10 миллион сомдук алтынды өлкөдөн алып чыгып бараткан
«Чалдыбар» өткөрүү жайынын чек арачылары 10 миллион 200 миң сомдон ашуун суммадагы документтери жок жүктү кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек арадан транспорт каражатын текшерүү учурунда чек ара кызматкери айдоочунун кабинасынан 1993-жылы туулган Кыргыз жараны И.А.га таандык баштыктан 3 килограмм 648 грамм алтын зер буюмдарды табышкан. Анын ичинде сөйкө, шакек, билерик, чынжырчалар болгон.

Алдын ала баалоо боюнча кармалган товардын жалпы суммасы 10 миллион 214 миң 400 сомду түзгөн. Документтер толтурулган соң мындан аркы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн айдоочу тиешелүү органдардын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.