Жаңылыктар

100 миң сомго чейин насыя алгандар жеңилдик алуу үчүн кайда кайрылса болот?

Өлкөнүн финансы-кредит уюмдарынан насыя алгандарды (өкмөттүн 13-ноябрдагы №552 токтому менен) үстөк пайызын төлөөдөн бошотуу чечими кабыл алынды.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрына чейин банктардан жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынан 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө насыя алгандар декабрь, январь, февраль айларында чегерилген үстөк пайыздарды төлөөдөн бошотулат.

Ал үчүн жарандар үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине катталуусу керек. Насыя алгандар реестрге кантип катталат?

Насыя алгандар 2020-жылдын 5-декабрына чейин реестрге катталуу үчүн банктарга, финансы-кредиттик уюмдарга (насыя алган жай) арыз менен же электрондук байланыш каналдары аркылуу кайрылуусу керек.

Эгерде бир нече банктардан насыя алган болсоңуз, анда өз каалооңуз менен тандап алган бир гана банкка өтүнүч кат менен кайрылууңуз абзел.

Улуттук банк насыя алуучуларга үстөк бааларды төлөөдөн бошотулган карыз алуучулар реестрине кирүү үчүн өз убагында арыз менен кайрылуу зарыл экендигин эскертет. — Улуттук Банк финансы-кредиттик уюмдар тарабынан түзүлгөн карыз алуучулардын реестри түзүлгөн күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде Финансы министрлигине жыйынтыкталган тизмени жөнөтөт. —

Финансы министрлиги ай сайын Улуттук Банктан карыз алуучулардын жыйынтыкталган реестрин жана финансы-кредит уюмдарынын билдирмелерин алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде тиешелүү банктардын эсептерине субсидиялардын (мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн төлөмдөр) суммаларын которот.

Маалыматтардын ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында Улуттук Банк инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүп, өкмөттүн токтомунда белгиленген ченемдердин жана талаптардын аткарылышын текшерет.

Яндекс.Метрика