Видео Дүйнөдө

11 жаштагы кыз ала качууга келген адамга каршылык көрсөткөнү видеого түшүп калган

11 жаштагы кызды каракчылар уурдап кетүүгө аракет кылышкан. Кыз болушунча каршылык көрсөтүп, акырында кутулуп кеткен. Окуя видеого түшүп калган.

Американын Эскамбия районунда (Флорида) 11 жаштагы мектеп окуучусу каракчы менен алышты. Окуянын видеосун NBC News порталы жарыялаган. Окуя шейшемби күнү, 18-майда эртең менен болгон. Кадрларда кыз жолдо көк шлам (желе сымал оюнчук) менен ойноп, мектептин автобусун күтүп жаткандыгы тартылган.

Бир маалда жолдун каршы тарабына ак түстөгү унаа токтоп, андан бир киши чуркап чыгат. Ал мектеп окуучусун унаага сүйрөп барган, бирок кыз жооп кайтарууга үлгүргөн.

«Ал коркпостон мушташты, багынган жок» деди полиция кызматкери Чип Симмонс. Анын пикири боюнча, кыз туура кылган. Каракчынын колунан качып, үйүнө чуркап барып, полицияга телефон чалып, кол салуу жөнүндө ата-энесине айтып берген.

Кол салган адам ошол эле күнү кармалган. Ал 30 жаштагы Джаред Пол Станга болуп чыкты. Ал адам уурдоого аракет кылган, оор кылмышка шектүү жана токмоктогон деп айыпталууда. Полиция белгилегендей, кол салуу учурунда адамдын жанында бир нерсе болгон, болжолдуу бычак. Окуянын натыйжасында кыз жеңил психологиялык жаракат алып, колдору тытылган.

Видео:

Мектеп окуучусу эки жума мурун ошол эле унаа анын жанына келип, айдоочу аны менен сүйлөшүүгө аракет кылганын айтты. Андан кийин ал бул тууралуу ата-энесине жана директорго кабарлаган.

Яндекс.Метрика