Жаңылыктар

«12 жыл мурун Таласка барганда аялдын кийимин кийип качып кеткенсиз». Султанбеков Акылбек Жапаровго кайрылды

Министрлер кабинетинин төрагасына А. Жапаровго ачык кайрылуу / Открытое обращение к председателю кабинета министров А. Жапарову ——————————Акылбек Үсөнбекович, мындан 12 жыл мурун да, жолборс жылында, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласка аскерлер менен “тынчтык миссиясын” аткарып баргансыз, ошондо аялдын кийимин кийип качып кеткен экенсиз, ал эми жоокерлер элдин кысымы астында калган.

Кудай сактасын, бирок эртең биздин аскерлер Казакстанда каза болсо, Назарбаев-Токаев үчүнбү ?! А эгер эртең митингдер басылбаса биздин жоокерлер боордоштооду атууга аргасыз болушабы? Биздин өлкөнү боордош Казакстан эли жек көрүп калышы мүмкүн экенин түшүнүп турасызбы?! Аялдын кийимин кийип кайра качып кетесиңер, анан эл эмне кылат?

Коомчулуктун пикирин эске алууну талап кылабыз жана эч качан боордош элге каршы биздин аскерлерди колдонбогула, Баткенде басып алуучулар биздин жарандарды зордуктап, тоноп, өлтүрүп жатканда биздин аскерлерди жөнөтүүгө эрдик жетпеди, азыр калп эле ОДКБ деп сүйлөбөгүлө.

Андан көрө учурда мүмкүн болуучу жардам көрсөтүү үчүн Казакстандын ооруканаларына Кыргызстандын мыкты хирургдарын жана башка дарыгерлерин жибергиле. Силерди абийириңерге чакыргандан тажадым, сиздин отставкаңызды талап кылам, анткени сиз мамлекетке каршы демилгелерди көтөрүп жатасыз.

Яндекс.Метрика