Жаңылыктар

13 жаштагы кызды зордуктагандарды актаган сот өзү жаш кызды зордуктаганы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Тоң районунун соту Сабыр Соодонбеков бир убакта өзү жашы жете элек кызды зордуктаганын айтып чыкты.

«Менин кайрылуумду Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун дарегине расмий кайрылуу катары жазып жатам! Мен өзүм кокусунан билип калдым, бул сот өзү Түп айылында 9-класстагы кызды зордуктаган, атүгүл ал кыз эркек бала төрөгөн! Аны камап, тергөө ишин баштоо керек! Эл муну ачык айтуудан коркушат», — деп жазган Карамушкина.

Эске салсак 11-декабрда Тоң районунун соту 13 жаштагы кызды зордуктаган 3 адамдын экөөсүн актап, бирөөнө прокурор 20 жыл сураганына карабастан болгону 7 жылга кескен. Тергөө иштери 1 жылга созулганына байланыштуу ал СИЗОдо отуруп мөөнөтүнүн жарымын отуруп койгон. (СИЗОдо отурган ар бир күн 3 күн болуп эсептелет).
Буга коомчулук нааразылык билдиришүүдө, атүгүл интернет колдонуучулары виртуалдык митинг уюштуруп жатышат.

Яндекс.Метрика