Саясат

15-декабрга карата сурамжылоонун жыйынтыгы

Лайк.кг сайтында ушул жылдын 1-ноябрынан 15-декабрга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы менен таанышып алыңыздар. 1 жарым айдын ичинде сурамжылоого 150 миңден ашуун адам катышып 14 талапкерге жана «баарына каршы» графасына добуштарын беришти.

Сурамжылоо башталгандан бери эле биринчиликти Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаров талашып келишти. Аз айрымачылык менен Жапаров көбүнчө биринчиликти бербей келди.

3-орун Абдил Сегизбаев, 4-орун Каныбек Иманалиев, 5-орунга Бактыбек Калмаматов жайгашты. Баарына каршы деп 504 адам добуш берген. Эске салсак добуш берүү 9-январга чейин уланат!

Сурамжылоого катышуу үчүн төмөндөгү шилтемени басыңыз.

Яндекс.Метрика