Жаңылыктар

20-декабрда шайлоо болбойт! Жапаров дагы билдирүү жазды

Садыр Жапаров социалдык баракчасына дагы билдирүү калтырды. Анда ал парламенттик шайлоо ушул жылдын 20-декабрында болбой турганын жазды.

«Парламенттик шайлоо эмки жылдын биринчи жарымына чейин болбойт. 20-декабрьда парламенттик шайлоо болот деп туура эмес маалымат тараткандарга ишенбегиле.
10-январь 2021-жылы президенттик шайлоо болот. Андан кийин Кудай буюрса реформалар жүрөт. Андан кийин анан парламенттик шайлоо болот.»

БШК ушул жылдын 20-декабрына парламенттик шайлоо белгилеген. Бирок ал чечимди Жогорку сот жокко чыгарганына карабай, айрымдай шайлоо өтүшү керек экенин айтып, ал турган 37 партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Жапаров буга чейин шайлоолор мартка чейин өтө турганын билдирген.

Яндекс.Метрика