Жаңылыктар

3 партиянын лидерлери биригип шайлоого барышат

Реформа», «Адилетүү Кыргызстан» жана «Асман Ала-Тоо» партияларынын лидерлери — Клара Сооронкулова, Аймен Касенов жана Элдар Абакиров бир саясий уюмга биригип, 11-апрелде боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого чогуу катышууну чечишти.

Бүгүн үчөө тең Бишкек шаардык кеңешине шайлоодо шайлоо кампаниясына катышууга даярдык жана биригүү жөнүндө меморандумга кол коюшат. Эскерте кетсек, алар 10-январда өткөн шайлоодо президенттикке ат салышкан. БШКнын расмий жыйынтыгы боюнча Клара Сооронкулова 1 пайыз, Аймен Касенов 0,91 пайыз, Элдар Абакиров 0,50 пайыз добуш алган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде Бишкек жана Ош шаардык кеңештерин кошкондо 448 кеңеште өтөт.

Яндекс.Метрика