Жаңылыктар

3 жыл мурун ушул күнү шайлоодо Жээнбеков жеңип чыккан

Бүгүн, 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялады. Мындан 3 жыл мурда дал ушул күнү президент болуп шайланган. 2017-жылдын 15-октябрында президенттик шайлоо болуп анда Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан эле.

Минтип туура 3 жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда иштен кетип отурат. Мындай болот деп эч ким күтпөсө керек. Жакшы жери бийликке жармашып эл менен согушкан жок, тынчтык болсун деп өз эрки менен тапшырды. Албетте анча-мынча кысымдар болсо керек да..

Ага карабастан Садыр Жапаровдун тарапташтары ЖК спикери Канат Исаевдин дагы кетүүсүн талап кылышууда. Себеби мыйзам боюнча президент кеткенден кийин анын милдетин спикер аткарып калат.

Яндекс.Метрика