30 жаштагы жигит өгөй атасын балталап өлтүрдү
Окуя арашан айылында 21-октябрь күнү болгон. Анда 30 жаштагы жигит 65 жаштагы өгөй атасы менен спирт ичимдигин ичип отурушкан.

Сүйлөшүп отурушуп, сөздөн сөз чыгып пикир келишпестик орун алып, өгөй баласы балтаны алып 65 жаштагы К.Аны балта менен чапкылап жиберген. Ал окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.