Саясат

33 жаштагы Новиков президенттин милдетин аткарабы?

2021-жылдын 10 январында өтө турган шайлоого учурда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров дагы катыша турганын билдирген. Ал өз сөзүндө билдиргендей декабрдын башында кызматын тапшырып берип шайлоого аттанат.

Мыйзам боюнча президент кызматын кайсы бир себептерден улам аткара албай тапшырып бергенде анын милдетин спикер аткарат. Азыркы спикер Канат Исаев буга чейин президенттин милдетин акара албай турганын билдирген. Мыйзам боюнча спикер президенттин милдетин аткаруудан баш тартса анда биринчи вице-премьер-министр аткарат.

Учурдагы биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 33 жашта. Мыйзам боюнча президент 35 жаштан жогору болуусу керек. Новиков дагы жаш курагынан улам президенттин милдетин аткара албай тургандыгын саясий эксперттер менен юристтер айтышууда.

Анда ким? Убактылуу президент шайлоо иштерине катышпай турган, эч бир партияда, саясий кыймылда турбаган нейтралдуу адам болушу керек. Учурда мындай адамды бийликтегилерден табуу кыйынга турат. Артем Новиков гана бул талаптарга жооп бере алат. Жаш курагына карабастан Садыр Жапаров Новиковду президенттин милдетин убактылууу аткарып туруу сунушун киргизиши мүмкүн.

Яндекс.Метрика