+345. Бир суткада 57 адам каза болду
Акыркы сутка ичинде коронавирусту жуктуруп алгандар дагы 345 адамга көбөйдү. Жалпы 8486 адамга жетти. Тилекке каршы covid-19 тастыкталган 13 адам 1 суткада каза болсо, пневмониядан 44 адам көз жумду. Ошентип 1 суткада 57 адам каза тапты. Бул сутка ичинде март айынан бери каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү болуп калды.
Виурс жуктургандар облустар боюнча:
Бишкек шаары– 183
Чүй облусу — 51
Ош шаары — 22
Ош облусу – 7
Жалал-Абад облусу — 23
Баткен облусу — 21
Ысык-Көл облусу — 24
Нарын облусу – 14
Акыркы суткада сакайып чыккандардын саны 67 адам.
Коронавирустан жалпы каза болгондордун саны 112 адам. Ал эми пневмониядан каза болгондор 268 адамга жетти.