5-класстын окуучусун өз агасы өлтүргөн. Ал кармалды
Бишкекте Мурас-Ордо конушунда өлтүрүлгөн баланын бир тууганы табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал инисин өлтүрүшү мүмкүн.

«Өспүрүмдү издөө үчүн кызматтык ит алып келишкен. ГОМ-5 кызматкерлери шектүүнү кармашты, ал жабырлануучунун бир тууган агасы болуп чыкты. Ал турак шаардын четинде жашынып жүргөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм күнөөсүн мойнуна алган. Ал иниси экөө урушуп кетип жыйынтыгында ага бычак сайып салганын айткан. Сурак адвокаттын, милиция кызматкеринин жана ата-энелердин катышуусунда жүргүзүлдү», — деп билдирди редакция.
Эске сала кетсек, кечээ «Мурас-Ордо» конушунан мууздалган өспүрүмдүн денеси табылган. Сөөктү баланын энеси табышкан.
Окуянын чоо-жайы:
17-мартта саат 12:40 чамасында «102» линиясына жеке үйдөн жашы жете элек баланын жансыз денеси табылып, мойнуна бычак сайылган. Окуя болгон жерге Биринчи Май РИИБнин тергөө-ыкчам тобу, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин жетекчилиги жөнөп кетишкен.
Каза болгон бала 2008-жылы туулган А.М. Туугандарынын айтымында, бала эпилепсия менен ооруган, ошондуктан ал кармаган учурда жардам көрсөтүү үчүн ага адамдар ар дайым жанында турушу керек болчу. Окуя болгон күнү ата-энеси жумушка кетип, бала менен 2004-жылы туулган улуу агасы А.С. калган.
Ошентип, окуя болгон жерди кароо учурунда жаздык, жууркан жана жуурканда кызыл-күрөң тактар, ашкана бычактары, аялдын капчыгы, спорттук шым, жана манжа издеринин бөлүктөрү алынган. Эң биринчи болуп 11лер чамасында баланын сөөгүн жумушунан кайтып келген апасы тапкан.
Милиция кызматкерлери аймакты текшеришти. Издөө иштерине Ички иштер министрлигинин кинология борборунун издөөчү ити тартылган. Анын жардамы менен СЭЗ Бишкектин жанындагы камыштардын арасынан ыкчам кызматкерлер өлтүрүлгөн баланын улуу агасын кармашкан. Ал милицияны көргөндө качкан.
Кармалган бала кылмыштан кийин жууган ашкана бычагын таштап кеткен үйүн көрсөткөн. Мындан тышкары, өспүрүм бир туугандар ортосунда чыр чыкканын айткан. Натыйжада, А.С. аттуу инисин бычактап салган. Акыркысы эсине келбей көз жумган.
Ал шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.