5 жыл бою моюнуна шакек тагынган айым аларды чечкенден кийин…
Сэнди Туффорд аттуу Австралиялык айым Падаунг уруусунун тарыхы, алардын жашоо образына ушунчалык кызыгып, өзү да байыркы салттардын бирин колдонууну чечкен. 5 жыл бою моюнуна темир шакекчелерди тагынып жүрдү. Анын моюну кадимкидей узарган. Беш жылдан кийин ал шакекчелерди чечкенде жыйынтыгына таң калган.


Таиландда жашаган Падаунг уруусунун моюнга шакек кийүүлөрү адаттан тыш салт болгон. Бул байыркы салт болгонуна карабастан өлкөнүн кээ бир аймактарында азыр да бул салтты аткаргандар бар. 6-7 жаштагы кыздар жезден жасалган шакектерди кийип башташат.
Алар эмне үчүн мындайга барышат айтуу кыйын. Өздөрүнүн ойлору боюнча мындай шакектер жырткыч жаныбарлардын тиштөөсүнөн сактайт дешсе айрымдары эски уруулар үй-бүлөлүк баалуулуктарды ушундайча сакташкан жана мойнуна оролгон зым жез эмес, алтын болчу деп айтышат. Башкалары аны жергиликтүү эркектер үчүн кооз жана жагымдуу деп эсептешет.


5 жылдан кийин Сэндинин тажрыйбасы аяктаган, ал өзү жыйынтыгына ыраазы болгон. Анын моюну 4 сантиметрге узарган, социалдык тармактардын биринде ал эч нерсеге өкүнбөйм, бирок экинчи мындай эксперимент кылбайм деп жооп берген.