+521. Каза болгондор 48. Таласта 1 суткада 8 адам катталды
16-июлга карата сутка ичинде өлкө боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар 521 адам болду. Сутка ичинде Нарында бир дагы вирус жуктурнан жаран катталган жок. Ал эми Таласта бир суткада 8 адам катталды! Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары – 273
Чүй облусу — 74
Ош шаары — 38
Ош облусу — 16
Жалал-Абад облусу — 43
Баткен облусу — 39
Ысык-Көл облусу — 30
Талас облусу — 8.
Жалпы ооругандардын саны өлкө боюнча 12 миң 498 адамга жетти.
1 суткада коронавирустан каза болгондордун саны 7 адам болсо жалпы каза болгондор 167ге жетти. Ал эми пневмониядан сутка ичинде 41 адам каза таап жалпы саны 612ге жетти.