74 жаштагы адамдын башына өсүп чыккан мүйүздү кесишти

Хирургдар Индиялык адамдын башындагы 10 см мүйүздү алып салышты. 74 жаштагы Шям Лал Ядавдын айтымында беш жыл мурун башын катуу уруп алгандан кийин өсө баштаган. Анын мүйүзүн кээде жергиликтүү чач тарачтар кыркып турушкан.

Убакыттын өтүшү менен мүйүз катууланып, чоңоюп, чач тарачтар кайчы менен кырка албай калгандыктан, айыл тургуну жардам сурап хирургдарга кайрылган. «Шайтан мүйүзү» деп аталган мүйүз териде жана тырмактарда кератинден пайда болгон залалсыз шишик. Мындай аномалдуу мүйүзчөлөр көбүнчө бет, кол, кулак жана тырмакта пайда болот. Сейрек учурларда жыныстык мүчөдө да пайда болушу мүмкүн.

Индиянын Сакар шаарындагы Багёдей Тирт ооруканасынын нейрохирургдары анын башына өсүп чыккан сөөктү алып салышкандан кийин ал адам өзүнө келе баштаган. Хирургдун айтымында оорулуу башындагы мүйүз чоңоюп кеткенче көңүл бурган эмес, качан гана ыңгайсыздык жаратып, элден жашыра албай калганда гана дарыгерлерге кайрылган.

Биопсия анын зыяндуу эместигин көрсөткөнчө Шиям операциядан кийин 10 күн ооруканада жаткан. Бул иш боюнча кеңири отчет Эл аралык хирургия журналына жөнөтүлдү, анткени мындай өсүш өтө сейрек кездешет.