Жаңылыктар

«800 миң доллар зыян келтирген». Алдамчылык менен Жумалиевдин балдары кармалды

Финансы полициясы чет өлкөлүк инвестор, Германиянын жараны Б.Ф.нын арызынын негизинде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, арыз ээси Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев жана башка адамдар анын ишенимине кирип, 200 миң АКШ долларын гана төлөп, 1 миллион доллар турган жабдууларды алышканын айткан.

«Белгилүү болгондой, Германиянын Б.Ф. аттуу жараны “А.Ю.К.” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимге ылайык 1 миллион доллар суммасында минералдык сууну куюучу жабдууларды жөнөткөн. Аталган ЖЧКнын директору М.С.М. Кубанычбек Жумалиевдин жакын тууганы. Андан кийин Жумалиевдин оозеки кайрылуусу боюнча инвестор тарабынан дагы бир “С.К.” ЖЧКсынын дарегине жабдуулар жөнөтүлгөн, анын директору дагы депутатка жакындыгы бар адам – Ж.Э.С. болгон.

Бул адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында чет өлкөлүк “М.Г.Б.В” компаниясына 800 миң доллар өлчөмүндөгү өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген. Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кылмышка шектүү деп “А.Ю.К.” ЖЧКсынын директору М.С.М. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бүгүн, 29-январда “С.К.” ЖЧКсынын директору Ж.Э.С. кармалды. Мындан тышкары бул иш үчүн маанилүү болгон буюмдар жана документтер жоголуп же жок болуп кетиши мүмкүн деген кооптонуулар болгонуна байланыштуу Жумалиевдердин үй-бүлөсүнө таандык университеттин аймагында жайгашкан бул фирмалардын кеңселеринде кечиктирилгис издөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика