Жаңылыктар

81 жаштагы карыяны сабаган жаран кармалды. Ал каршылык көрсөттү

Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаганга шектелген жаран 25 –август түнү кармалды.

Маалыматка ылайык, 25-август күнү саат 23:30 чамасында Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери изделип жаткан Кара-Суу шаарынын 36 жаштагы тургуну М.Т. аттуу жаранды кармашты. Шектүү өзү жашаган үйүнө келди деген маалымат боюнча анын үйүнө милиция кызматкерлери барган.

Ал 21-август күнү аксакалды сабагандан кийин Бишкек шаарына качып кеткен. Кайра 25-август күнү кечинде үйүнө кайтып келип буюмдарын алып кайра качып кеткени жатканда милиция кызматкерлери келип кармоо иштерин баштаганда ал каршылык көрсөтүп жыйынтыгында бир милиция кызматкери жараат алган. Акыры аны кармашып убактылуу кармоочу жайга киргишикен. Ал дудук болгондуктан тергөө иштерине ага котормочу катары атайын адис алынат.

Яндекс.Метрика