82 жашында Жамал Сейдакматова каза болду
Кыргызстандын Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова бүгүн эртең менен 82 жаш курагында узак мезгилге созулган катуу оорудан кийин көз жумду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районунун Темировка айылында туулган. Ал борбордогу №5-мектепти аяктап, Ленинград полиграфия институтуна тапшырган. 1957-жылдан тартып Кыргыз драма театрынын (азыркы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры) сахнасында ойногон. Кыргыз театрынын алдыңкы актрисаларынын бири. 1958-жылдан «Кыргызфильм» киностудиясында тасмаларда тартыла башталган.
1989-жылы ал биринчи жолу көзкарандысыз «Туңгуч» кыргыз театрын түптөп, анын көркөм жетекчиси болуп калган.1970-жылы ага «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти», 1976-жылы «Кыргызстандын эл артисти» ардактуу наамы ыйгарылган. 1986-жылы Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон. Жамал Сейдакматова эки жолу ордендин ээси болгон: 2003-жылы III даражадагы жана 2019-жылы II даражадагы Манас орденине татыган.