Жаңылыктар

+870 жаңы катталды. «Кара июлга» жакындап баратат

Акыркы бир суткада 870 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Мындай көп катталган учур былтыр «кара июлда» гана болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаары – 470,

Ош шаары – 113,

Чүй облусу – 100,

Ош облусу – 74,

Талас облусу – 7,

Нарын облусу – 10,

Ысык-Көл облусу – 20,

Жалал-Абад облусу – 76.

Жалпы 114 миң 300 адамдан коронавирус аныкталган.

5 адам коронавирустан каза болду. Лаборатордук тастыкталган COVID-19 – 4, Бишкекте – 3,

Ош облусунда — 1;

клинико-эпидемологиялык тастыкталган COVID-19 – 1 учур,

Жалал-Абадда. Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 1 миң 925 кишини түздү. Анын ичинде лаборатордук тастыкталган – 709, клинико-эпидемиологиялык тастыкталган – 1 миң 216.

Яндекс.Метрика