+967. Ооругандар 30 миңден ашты
23-июлга карата коронавирус жуктуруп алгандар бир суткада 967 адамга көбөйүп жалпы саны 30326 болду. Акыркы суткада 1031 бейтап оорудан сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Тилекке каршы сутка ичинде 46 адам каза таап жалпы кайтыш болгондор 1169га жетти.
Каза болгондор:
Бишкек шаарында — 13;
Ош шаарында — 3;
Чүй облусунда — 6;
Ысык-Көл облусунда — 5;
Ош облусунда — 5;
Баткен облусунда — 2;
Жалал-Абад облусунда — 6;
Талас облусунда — 2;
Нарын облусунда — 4.
Ал эми дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандар 15 миллиондон ашты. Жалпы каза болгондор 600 миңден ашты.