Саясат

99% бюллетендер кол менен саналып бүттү. Кимдер депутат болуп келет? Тизме

3-декабрда саат 21:00гө карата шайлоо бюллетендери кол менен саналгандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине протоколдордун дээрлик 99% келип түштү. БШКнын маалыматы боюнча, 2494 шайлоо участкасынын 2471инен протоколдор келип түшкөн.

Муну менен шайлоо бюллетендерин кол менен саноо аягына келип калды десек болот. Бирок, азырынча расмий жыйынтыгы чыкпайт.
Жогорку Кеңешке беш пайыздык босогону алты партия багынтты.

Депутат болуп келе тургандардын болжолдуу тизмеси:

«АТА-ЖУРТ КЫРГЫЗСТАН» 15 мандат


Бакыт Торобаев;
Фархат Исмаилов;
Таалайбек Сарыбашов;
Айбек Маткеримов;
Женишбек Токторбаев;
Жылдыз Садырбаева;
Равшанбек Сабиров;
Эльдар Сулайманов;
Алишер Козуев;
Жаныбек Кыдыкбаев;
Мейкинбек Абдалиев;
Джамиля Исаева;
Надира Нарматова;
Камила Талиева;
Гулшаркан Култуева.


«ИШЕНИМ» 12 мандат

Медербек Алиев;

Эмилбек Джусупов;
Таалайбек кызы Жылдыз;
Суйунбек Омурзаков;
Марат Мураталиев;
Нурбек Сыдыгалиев;
Бахридин Шабазов;
Улугбек Ормонов;
Русланбек Жакышов;
Миргул Темирбаева;
Айсара Абдибаева;
Чолпон Султанбекова.


«ЫНТЫМАК» 9 мандат


Эрулан Кокулов;
Шарапаткан Мажитова;
Талант Мамытов;
Мурадыл Сыдыков;
Бакыт Тентишев;
Марлен Маматалиев;
Балбак Тулобаев;
Исатбек кызы Аида;
Лейла Лурова.


«АЛЬЯНС» 7 мандат


Алтынбек Сулайманов;
Чингиз Айдарбеков;
Азамат Исираилов;
Фарходбек Алимжанов;
Гулкан Молдобекова;
Нилуфар Алимжанова;
Оргалча Токтобубу.


«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАН» 6 мандат


Адахан Мадумаров;
Исхак Масалиев;
Эмиль Токтошев;
Алишер Эрбаев;
Орозайым Нарматова;
Гуля Кожокулова;


«ЫЙМАН НУРУ» 5 мандат


Нуржигит Кадырбеков;
Султанбай Айжигитов;
Замирбек Мамасадыков;
Динара Ашимова;
Венера Раимбачаева.

Бир мандаттуу округдардан өткөн депутаттар:

Чынгыз Ажибаев;
Нурлан Ражабалиев;
Ырысбек Атажанов;
Омурбек Бакиров;
Коргонбай уулу Жусупбек;
Жалолидин Нурбаев;
Айбек Осмонов;
Нурбек Алимбеков;
Искендер Матраимов;
Данияр Толонов;
Улан Примов;
Эльмурза Сатыбалдиев;
Тазабек Икрамов;
Шаирбек Ташиев;
Айбек Алтынбеков;
Бактыбек Сыдыков;
Нурланбек Шакиев;
Азизбек Турсунбаев;
Кундузбек Сулайманов;
Дастанбек Джумабеков;
Бактыбек Чойбеков;
Нурланбек Азыгалиев;
Карим Ханджеза;
Аманкан Кенжебаев;
Сеидбек Атамбаев;
Жаныбек Абиров;
Дастан Бекешев;
Акбокон Таштанбеков;
Медербек Саккараев;
Мирлан Самыйкожо;
Улан Бакасов;
Арсланбек Малиев;
Акылбек Тумонбаев;
Максатбек Сарбагышев.


Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо аяктады. Өлкөдө шайлоо системасы өзгөртүлгөндүктөн мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмеси боюнча) бирдиктүү шайлоо аркылуу шайланат, жана 36 депутат — мажоритардык система боюнча бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Бул шайлоодо Бишкектин эки районунда «Баарына каршы» графасы биринчи орунга чыккандыктан ал жакта кайра шайлоо өткөрүлөт.

Яндекс.Метрика