Жаңылыктар

Абайла сүрөт! Кримтөбөл Дөө Чыңгыз СИЗО-1де өлтүрүлдү

Бүгүн, 30-июлда кримтөбөл Чыңгыз «Дөө» Жумагулов №1 СИЗОдо өлтүрүлдү. Алдын ала маалыматтар боюнча ал мууздалган, окуя бүгүн түштөн кийин болгон. Жаза аткаруу кызматы Чыңгыз Жумагулов өлтүрүлгөнүн тастыктады.

8-июль күнү кечинде Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында “Дөө-Чыңгыз” каймана аты менен таанымал кримавторитет Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети жүрүп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жумагулов Гелендваген менен качып кетүүгө үлгүргөн.

Кийинчерээк социалдык тармактарда криминалдык авторитетти кармоо аракети жана ага карата ориентация чагылдырылган видео тараган. ЖМКлар ошол эле күнү Жумагуловдун кичи мекени Ичке — Суу айылында УКМК менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда атышуу болгонун жазып чыгышкан.

Яндекс.Метрика