Жаңылыктар

Абал курч! 1 суткада 439 адам вирус жуктуруп алышты

1-июлга карата коронавирусту 439 адам жуктуруп алды. Бул эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Буга чейинки стука ичинде эң көп катталгандар 309 адамды түзгөн. Республика боюнча ооругандардын саны 5 миң 735 болду. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус боюнча брифинг учурунда айтты.

Бишкек шаары – 195

Чүй облусу – 175

Ош шаары – 5

Ош облусу – 5

Нарын облусу – 10

Жалал-Абад облусу – 24

Талас облусу – 12

Баткен облусу – 13

Бул вирустан каза болгондор акыркы суткада 5 адамды түздү.

1. Республикалык ооруканасында – 2 (57 жаштагы жана 67 жаштагы эркек киши)

2. Нарын облустук ооруканасынан – 1 (60 жаштагы эркек киши)

3. Чүйдөн – 1 (70 жаштагы эркек киши)

4. Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (72 жаштагы аял киши).

Жалпы ооругандардын саны өлкө боюнча 5735 адам, каза болгондор 62 адамты түздү. Мындан тышкары бир суткада 73 адам айыгып чыгышты.

Акыркы күндөрү коронавирус өтө тездик менен жайылууда.

Яндекс.Метрика